Boston Dynamics "робот иттерге" машина сүйрөгөндү үйрөттү. Видео

Жазылуу
SpotMini роботтору 2016-жылы чыгарыла баштаган.

Boston Dynamics инженердик компаниясы SpotMini роботторуна машина сүйрөгөндү үйрөттү. Анын видеосу компаниянын YouTube каналына жарыяланды.

Видеодо 10 даана SpotMini роботтору жүк ташуучу унааны сүйрөп баратканын көрүүгө болот. Эң алдыда турган эки роботтун башына радарлар орнотулган. Ал роботтордун кыймылын тескеп, кайда басуу керектиги боюнча багыт берип турат.

Социалдык тармактын колдонуучулары видеодогу роботторду түндүк уюлда жашаган иттер менен салыштырышты.

YouTube каналына жарыяланган видеонун алдында роботтор массалык түрдө чыгарыла баштаганы жазылган.

Boston Dynamics компаниясы SpotMini роботторун 2016-жылы чыгарганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0