Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсү өрттөндү. Видео

Жазылуу
Чиркөөнүн өкүлү Андре Финонун айтымында, өрт чыкканы тууралуу сигнал берүү системасы жергиликтүү саат 18:30да иштеген.

Франциянын борбору Париж шаарындагы Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүндө өрт чыкты.

Маалыматка ылайык, чиркөөнүн ичиндеги бардык кишилер коопсуз жайга чыгарылды.

Учурда чиркөөдө реставрация иштери жүрүп жаткандыктан имараттын жарым бөлүгү жабык болчу. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына оңдоо иштеринин байланышы болушу ыктымал.

Жеринде өрт өчүрүүчү кызмат иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0