Депутаттар Тазабек Икрамов менен Евгения Строкова айтыша кетти. Видео

Жазылуу
Строкова Икрамовдун комитеттин төрагасынын орун басары болуп отурушу канчалык мыйзамдуу деген маселени көтөрдү.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Евгения Строкова менен Тазабек Икрамов кайым айтыша кетти.

Строкова Икрамов "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын катарынан чыгарылгандыктан анын комитеттин төрагасынын орун басары болуп отурушу канчалык мыйзамдуу экенин айтып, маселени тактап алуу керектигин сунуштады.

Ал эми Икрамов депутаттар Евгения Строкова менен Аида Исмаилова өздөрүнчө комиссия түзүп, медицина жана билим берүү тармактарын текшерип, аларды иштетпей жатканын билдирди.

"Саат тогузда барып аларды ызы чуу кылат экен. Биз ар дайым комитеттин чечими менен министрликтерди текшеришибиз керек. Ал эми булар өзүм билемдик кылып, бир карасаң онкологияны, бир карасаң министрликтерди текшерип жатышат", — деди Икрамов.

Эс алчы! Ортодон чыга калган Икрамов журналистти Кудайбердиеванын көзүнчө какты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эс алчы! Ортодон чыга калган Икрамов журналистти Кудайбердиеванын көзүнчө какты
Өз кезегинде Строкова Икрамов өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлобой, комитеттин жыйындарын калтырбай катышканда регламентти жакшылап түшүнүп алмактагын айтып, "билими жок билим берүүнүн отличниги" деп зекиди.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова күн тартибин бекитип, бул маселени ар кандай маселелер учурунда кароону сунуштады. Бирок Тазабек Икрамов "убагында айтпаса сөз атасы өлөт" деп жооп берип, Строковага кайрылып, "силер эмне прокурорсуңарбы? Булар өздөрүн күч органдарындай сезип алган!" деп ызаланды.

Комитеттин 15-апрелдеги жыйынында төрт маселе күн тартибине киргизилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0