Бишкекте каршы тилкеге чыгып алып чаң ызгыткан айдоочунун видеосу

Жазылуу
YouTube каналына айдоочу бир нече ирет жол эрежесин бузган видео жарыяланды.

Центр мониторинга ГЧП Безопасный город  ГУОБДД КР - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" долбоорунан бир айдын ичинде канча каражат түшкөнү айтылды
Кадрда көрүнүп тургандай, унаа Абдрахманов көчөсү менен бара жатып Токтогул менен кесилишкен жерден жол чырактын кызыл түсүнө карабай өтүп кеткен.

Кийинки кадрдан айдоочу ошол эле көчө менен бара жатып Бөкөнбаев менен кесилишкен жерден каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдык менен айдаганын көрүүгө болот. Видеонун алдына ролик 15-апрелге караган түнү тартылганы жазылган.

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы айдоочу Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 123-1-беренесинин биринчи бөлүгүн (3000 сом айып) жана ошол эле берененин экинчи бөлүгүн (5500 сом айып) бузганын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0