Кыз-жигиттердин жайдары маанайы... Бишкекте чуркаган 1500 жөө күлүктүн видеосу

Жазылуу
Бишкектин жака-белинде "Бакай банк Жаз Деми" жарым марафону өтүп, ага 1500 киши катышты. Мында жалаң эле профессионалдар эмес, спорт ышкыбоздору, жаш балдар жана улгайган кишилер да чуркады.

Жөө күлүктөр "Манас" аэропортуна бараткан трассада чуркашты. Башталышы да, бүткөн жери да "Аска-Таш" мемориалдык комплексине белгиленген. Марафондун байге фондусу 192 миң сом экени айтылды. Анын алкагында алдыңкы болуп келгендерге сыйлык берилди. Мындан сырткары, түрдүү оюндарды уюштуруу менен катышуучуларга белек берип кубандырып жатышты. Ал эми чуркаган ар бир адам финишке келери менен медалга ээ болду.

"Бүгүнкү жарышка келгендердин басымдуу бөлүгү профессионал эмес, жөн гана спортту сүйүүчүлөр. Былтыр 800 киши болчу, быйыл 1500гө жетти. Башында 100гө чукул жаш бала 100, 200 жана 500 метрге чуркап келишти. Андан соң чоңдор 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка жарышты", — деп билдирди уюштуруучулар.

Алдыңкы орундар кыз-келиндер менен эркектерге өзүнчө, анын ичинен 16-29, 30-39, 40-49 жана 50 жаштан жогорку курактагылар деп төрт категорияга бөлүндү.

Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жан үрөгөн жаш балдар, буралган бийкеч. Бишкектеги "Жаз Деми" жарышынан 15 сүрөт
Белгилей кетсек, жарышка катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү начар көргөн адамдарга таяк сатып алууга жумшалмакчы.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — жарым марафондун медиа өнөктөшү. Биздин редакция да четте калбай, беш кызматкер 5 жана 10 чакырымга чуркады.

"Бакай банк Жаз Деми" жарым марафонунун максаты — спортту жайылтуу жана ар бир адамга жеткиликтүү экенин көрсөтүү. Жарым марафонду "Номад Спорт" коомдук бирикмеси шаардык муниципалитеттин колдоосу менен уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0