Тюмендеги атайын операция учурунда эки согушкер жок кылынды. Видео

Жазылуу
12-апрелде Тюменге контртеррордук операция кырдаалы киргизилген. Кишилер көп чогулган жерде теракт уюштурууну пландагандар жок кылынган.

Россиянын террорго каршы күрөшүү боюнча улуттук комитети Тюменде болгон атайын операциянын видеосун жарыялаганын РИА Новости агенттиги жазды.

Шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
"Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар делген эки согушкер жок кылынган.

Тюменде жума күнү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү жер тамда жашынып жатканы аныкталгандан кийин контртеррордук операция кырдаалы киргизилген. Атайын кызматтардын берген маалыматы боюнча согушкерлер атышуу учурунда жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0