Иракта футболчу Криштиану Роналдунун "эгизи" табылды. Видео

Жазылуу
Ирактын түштүк тарабында португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун "эгизи" жашайт.

RT агенттигинин маалыматы боюнча 25 жаштагы Бивар Абдулла өзү туулуп-өскөн Соран шаарында популярдуу болуп турган чагы. Өткөн-кеткендер аны жолдон токтотуп алып сүрөткө түшүшөт.Анын айтымында, мындай көрүнүш күнүнө 3-4 ирет кайталанат.

"Мени Криштиану Роналдуга окшоштургандар арбын. Учурда социалдык тармактагы баракчама жазылгандардын саны көбөйүүдө", — деди Абдулла журналисттерге.

​Жаш жигит курулушта иштейт. Бош убактысында достору менен футбол ойнойт. Ошондой эле кумири Роналду менен жолугууну кыялданат.

Жакында эле ММА дүйнөсүндө Конор Макгрегордун "клону" пайда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0