11:49 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Видео

Катырыптыр! Шевченконун Ошто кара жорго, лезгинка бийлеген видеосу

Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши (21)
513520

Ош шаарына барган UFC чемпиону Валентина Шевченко миңдеген күйөрмандын алдында улуттук бий менен өзүнүн жакшы көргөн лезгинкасын тартуулады. Мушкер октаганго чыгып мушташкандан башка ар кандай өнөрдүн ээси экени маалым.

Шевченконун алгач кара жорго бийлеп, андан соң лезгинка коштогон видеосун YouTube хостингиндеги каналдардын бири жүктөгөн. Мушкер өнөрүн кечээ Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандары менен жолугушуу учурунда көрсөткөн. Анда миңдеген адам Шевченкону көрүү үчүн келгени айтылат. Күйөрмандар кызыккан суроолорун узатып, айрымдары сүрөткө түшүп, концерттик программага күбө боло алышкан.

Эске салсак, Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен Ош шаарына кечээ эртең менен барып, аларды бийлик өкүлдөрү салтанат менен тосуп алган.

Уюштуруучулардын айтымында, Шевченко сапарынын алкагында журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөнгө, мектептеги окуучуларга барганга, спорт клубда мастер-класс тартуулаганга, айтылуу Сулайман-Тоону көргөнгө, ошондой эле күйөрмандары менен жолукканга жетишкен.

Ага мастер-классынан кийин спорттук клубдун жамааты ак элечек ороп, чапан кийгизген. Ошондой эле ар кандай белектерди тартуулашкан.

Ал эми мушкердин Бишкектеги 8-апрелде күйөрмандар менен жолугушуусу кандай өткөнүн видеодон көрүңүздөр.

Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келген. Спортчу мекенине 2011-жылдан бери келе элек болчу.

Кыргызстандык мушкер муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-ноябрда беделдүү делген UFС уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиондук куруна ээ болгон. Белгилей кетсек, Валентина Шевченко аталган уюмдун курун тагынган алгачкы ортоазиялык мушкер.

Спортчу Валентина Шевченко октаганго чыгып мушташкандан башка да өнөрүн тартуулап келет. Ал гитарада кол ойнотуп, сүрөттү мыкты тартат, тапанчаны таамай аткан талантка ээ, ошондой эле дүйнө элдеринин бийин бийлегенин социалдык тармакка жүктөп келет. Беттешин бүткөндө көбүнчө лезгинка бийлеп жүрөт.

Тема:
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши (21)

Тема боюнча

Валентина Шевченкого Ош шаарында ак элечек ороп, чапан кийгизишти
Валентина Шевченкону Ош шаарында кантип тосуп алышты. Видео
Белгилер:
кара жорго бийи, бий, Валентина Шевченко, Ош

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ