Айыл чарба министри чириген картошка алгандан кийин эмне кылган? Жообу видеодо

Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бүгүн Facebook аркылуу түз эфирге чыгып министрликтин иши боюнча маалымат берип, элдин суроолоруна жооп берди.

Эфир учурунда Мурашев соцтармакка телевидениеден алыстабай, мындан ары жума сайын түз эфирге чыгып турууну убадалады.

"Мен жума сайын министрликтин отчетун сиздер менен бөлүшүп, чогуу иштешүүнү чечтим. Негизи мен Facebook, телевидениеден алыс элем, мындай болбойт экен. Мен талаада жүрүп же өзүмдүн ишимди жасап эле мындай ой пайда болгон эмес экен. Мындан ары түз эфирден министрликтин иштери менен бөлүшүп турам", — деди Мурашев.

Мындан сырткары, ал картошка көйгөйү тууралуу да кеп козгоп, ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы алып барган картошка боюнча пикирин айтты.

"Атайын айтып коёюн, былтыр мага журналист жигит келип картошка чирип кеткени боюнча айткан эле. Мен кайсы дыйкандын картошкасы чириген болсо өзүм жардам берейин дегем. Бирок андай көйгөй болгон жок. Негизи эле бардык айыл чарба продукциясынын 10 пайызы бузулат. Азыркы тапта картошканын баасы 8-9 сомго чейин жогорулады. Ысык-Көлгө жана Нарынга чет мамлекеттен келип дыйкандардын колунан түз алып кетүүдө", — деди министр.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял главу Минсельхоза Нурбека Мурашева - Sputnik Кыргызстан
Журналист, этият бол! Министрге картошка берген видеого соцтармактын реакциясы
Белгилей кетсек, былтыр дыйкандар картошкасын 5 сомдон сатууга аргасыз болгон. Айыл чарба министрлиги 2018-жылы жазда фермерлерге картошка эгүүнү сунуштап, бышканда Өзбекстанга экспорттоло турганын айткан. Бирок күздө картошканын баасы кескин төмөндөп, пайда көрмөк түгүл жылдык чыгымды да жаппай калган. Октябрда министр Нурбек Мурашев дыйкандарды шашпай турууга чакырып, баа бир жумадан кийин жогорулайт деп убада берген. Декабрь айында тынчсызданууга негиз жок деп картошканын баасы суук түшкөндө көтөрүлөрүн айткан.

Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы дыйкандардын арыз-муңун жеткирип, баа боюнча так кесе жооп алуу үчүн Мурашевге барган. Ал көйгөй чечпеген министрге таза, чоң картошканы көрсөтүп 5 сомдон ашпай жатканын айткан. Эгер экспорт маселеси чечилбесе, сактаган картошка кандай болуп чирип кетерин да көрсөтүп иш бөлмөсүнө таштап келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0