Димаш Алла Пугачеванын кечесине келгендерди таң калтырды. Видео

Жазылуу
Казакстандык музыкант Димаш Кудайбергендин Алла Пугачеванын чыгармачылык кечесинде ырдаган видеосу YouTube тармагына жүктөлдү. Ырчы "Любовь, похожая на сон" чыгармасын аткарды.

Жаш ырчыга композитор жана продюсер Игорь Крутой өзү музыкасын ойноп берди. Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, Крутой "Димаш келечекте бүт дүйнөнү багындырат" деп айтты.

Димаш Кудайберген 22-23-март күндөрү Кремлдин концерттик сарайында эки ирет өнөрүн тартуулап, 56 мамлекеттен келген күйөрмандарын топтой алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0