Толкуган эл. Шевченконун Бишкекте күйөрмандары менен жолуккан видеосу

Жазылуу
Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берип, айрымдары сүрөткө түшкөнгө үлгүрдү.

Мушкер Бишкекке 7-апрелде келген. Ал акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон.

Бишкектеги соода борборуна чогулгандар мушкер кызды "Валя" деп сүрөп кыйкырып турушту.

Чемпионка UFC Валентина Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эл алдында Шевченко менен сүрөткө түшкөн жигит жашып кетти. Фотофакт
Айрым күйөрмандар суроолорун берип жооп алышса, кээси сүрөткө түшкөнгө үлгүрдү. Суроо берем дегендер көп болгондуктан алып баруучу 10 гана кишинин суроо берүү мүмкүнчүлүгү болорун айтты.

Жолугушуу бир сааттан ашык уланды.

Эми 9-апрелде Шевченко Ош шаарындагы күйөрмандары менен жолугат.

Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Андан сырткары, UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпион.

Күйөрмандар менен жолукканга чейин мушкер журналисттер үчүн маалымат жыйын курган.

Жаңылыктар түрмөгү
0