Бишкек UFC чемпиону Валентина Шевченкону кантип тосуп алды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов Таиланддан Кыргызстанга учуп келишти.

Аларды салтанаттуу түрдө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин орун басары Канатбек Арпачиев, федерация өкүлдөрү, спортчулар, күйөрмандар, уюштуруучулар, жакындары жана журналисттер тосуп алышты.

Мушкерди мотоциклдер жана жолтандабастар менен коштоп кетишти. 

Шевченко акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон. Ал көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

Мушкер эртең, 8-апрелде, саат 16:00дө Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт. 9-апрелде Ошко да барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0