Кытайда диско бийлеген аюу интернет жылдызына айланды. Видео

Жазылуу
Соцтармак колдонуучулары бийлеген жаныбарга суктанып аны "диско бийчиси" аташкан.

Видеодо көрүнүп тургандай, жаныбар секирип, башын айлантып бий кыймылдарын жасаган.

Сыналгыдагы мильтфильмди көрүп ыйлаган ит. Жүрөк жылыткан видео - Sputnik Кыргызстан
Сыналгыдагы мультфильмди көрүп "ыйлаган" ит. Жүрөк жылыткан видео
The Daily Mail басылмасынын билдирүүсү боюнча жүрөк жылыткан көрүнүш Тяньцзинь зоопаркында болгон. Ургаачы аюунун аты Мао Сяоцянь, кытай тилинен которгондо "сулуу" дегенди түшүндүрөт.

Зоопарк кызматкерлери видео ылдамдатылып жасалганын, чындыгында аюу мынчалык тез кыймылдабай турганын айтышты.

Соцтармак колдонуучулары бийлеген жаныбарга суктанып аны "диско бийчиси" аташкан. Бир күндө эле аталган роликти бир миллиондон ашык киши көрүп, 60 миңге чукул комментарий жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0