Батутту балдар менен кошо шамал учуруп... Кытайдагы окуянын видеосу

Жазылуу
Окуя болгон жерде жүргөндөр батутту шамал кантип учуруп кеткенин тартып алган. Жергиликтүү журналисттер анын ичинде балдар бар экендигин жазды.

Окуянын видеосу YouTube каналына жайгаштырылган. 

Кытайдагы Юйчэн шаарында торнадо батутту учуруп кетип, 18 бөбөк жабыркагандыгын CGTN телеканалы билдирген.

Окуя бир нече күн мурда, тагыраагы 31-мартта, болгон.

Балдарды батуттун ичинен алып чыгарышып, жаракат алгандыктан ооруканага жаткырышкан. Алардын абалы тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0