Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Видео

Жазылуу
Кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок.

Бишкек — Ош унаа жолунун 409-чакырымындагы чукул бурулушта жүк ташуучу MAN 23-403 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 30-март күнү саат 21.00дөр чамасында катталган. Окуя Кара-Көл шаары менен Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы жолдо болгон.

"Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караган Кызыл-Сай айылынын 55 жаштагы тургуну чукул бурулушка келгенде унааны башкара албай, машина жолдун сол тарабынан чыгып оодарылып калган", — деди Сатыбалдиев.

Натыйжада унаа зыянга учурап, бирок айдоочу жаракат алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0