Ташкентте 50 ашпозчу чоң тай казан сүмөлөк жасашты. Видео

Жазылуу
Сүмөлөк жасоого жети тонна ун, үч миң литр суу кеткен. Андан сырткары, түрдүү татымалдар кошулган.

Ашпозчулардын тобу аба ырайынын суук тартып кеткенине жана нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан күнү-түнү нөөмөттө туруп, бир тай казан сүмөлөк жасашты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.

Сүмөлөк жасалган казандын диаметри 4,2 метр жана ага сегиз миң тонна суюктук батат. Аны жасоого 7 тонна ун, 2,4 тонна буудай, 300 литр май жана 3 миң литр суу кеткен.

Аталган иш-чара кайрымдуулук мүнөздө өтүп, сүмөлөк балдар үйлөрүнө таратылат.

Сүмөлөк кантип жасаларын видеодон көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0