Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан эми айнектерди бычырата тебүүдө. Видео

Жазылуу
Каскадер интернетке күч өлчөгүч аспапта буту менен укмуштуудай соккуларды узатып жаткан видеосу тарагандан кийин таанылган.

Социалдык тармакта таанымал кыргызстандык каскадер, трикинг өнөрүнүн чебери Эрлан Жанышбек уулу буту менен айнек графиндерди чимириле тээп жаткан видеосун Facebook баракчасына жүктөдү.

АКШлык мушкек Энтони Петтис. Архив - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери каршылашын "Супермендин соккусу" менен сулата чапкан видео
Кадрлардан көрүнүп тургандай, аскер кийимин кийген Эрлан Жанышбек уулуна экинчи киши айнек графиндерди кармап берген. Каскадер аларды таамай соккулары менен чимирилип келип сындыра тээп жаткан.

Бир-эки ай мурда белгилүү делген Menwithhealt Instagram аккаунту кыргызстандык жигиттин күч өлчөгүч аспапта буту менен укмуштуудай соккуларды узатып жаткан видеосун жүктөгөн.

Бишкектин чок ортосунда тартылган видео аз убакытта көрүүчүлөрдү топтоп, жылуу пикир жараткан. Жигитке карата "Онг Бак" тасмасындай", "Жеки Чан го" деген билдирүүлөр көп түшкөн.

Кийинчерээк Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги видеонун каарманын таап байланышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0