Жалал-Абадда жүрүп бараткан автоунаа өрттөнүп кетти. Видео

Жазылуу
Айдоочусу жабыр тарткан эмес.

Жалал-Абад шаарынын чет жакасындагы Тайгараев айылында Daewoo Matiz унаасы жүрүп бараткан мезгилде өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн өкүлү Айбек Иманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-март күнү Жалал-Абад — Казарман жолунда саат 17:30дар чамасында болгон.

"Унаа жүрүп бараткан мезгилде электр зымдарынан учкун чыгып, ал тутанып кеткен. 21 жаштагы айдоочу унааны токтотуп, сыртка чыгууга ұлгүрүп, жабыркаган эмес. Бирок унаа менен кошо документтери күйүп кеткен", — деди Иманов.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваУнаа жүрүп бараткан мезгилде электр зымдарынан учкун чыгып, ал тутанып кеткен
Жалал-Абадда жүрүп бараткан автоунаа өрттөнүп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Унаа жүрүп бараткан мезгилде электр зымдарынан учкун чыгып, ал тутанып кеткен

Ал өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин автоунаа эвакуаторго жүктөлүп кеткендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0