Мирзиёевдин урматына. Өзбек желеги дүйнөдөгү эң бийик имаратка түштү. Видео

Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигине иш сапар менен барган Шавкат Мирзиёевдин урматына дүйнөдөгү эң бийик имарат — Бурж-Халифага улуттук желектин сүрөтүн түшүрүштү.

Мирзиёев ушул күндөрү Эмирликтин мураскери Абу-Даби Шейх Мухаммад бин Заида Аль Нахаяндын чакыруусу менен барган.

Дубайда жогорку даражалуу коноктун урматына болуп көрбөгөндөй чоң инсталляция жасашкандыгын Sputnik Өзбекстан жазды. Мындан сырткары, дүйнөдөгү эң көркөмдүү деген Бурж-эль-Араб мейманканасы өзбек желегинин түсүнө боелгонун кабарлады. Ал эми шаардыктар менен коноктор желек түшүрүлгөн имараттын фонунда сүрөткө түшүп жатышат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Komil Allamjonov (@k_allamjonov)

Өзбек лидери менен жолуккандан кийин БАЭнин өкмөт башчысы өзбек тилинде твит жазган.

"Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Бириккен Араб Эмирлигине жасаган сапарына абдан курсант болдук. Бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жаңы барактарын ачмакчы", — деп жазган ал.

​Бурж-Халифа Дубайда жайгашкан. Узундугу 828 метр, учурда дүйнөдөгү эң бийик имарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0