Ажалдын азуусунан суурулуп... Антилопанын жырткычтардан кутулуп кеткен видеосу

Жазылуу
Жапайы жаратылыш адамзат күтпөгөн окуяларга бай. Кээде бирөө жем болсо, кээде кара жанын душмандарынан качырып кеткен жаныбарлар кездешет.

Сиздер көрүп жаткан видеодон айбан эмес, күчтүүмүн деген адамзат да сабак алса болчудай.

Мындай маанайдагы видео YouTube каналына жарыяланды.

Кадрдан кара кулак төрт шердин антилопанын шыйрагына, чатына, жонуна тиш матырганын көрүүгө болот. Ал эми бешинчиси качан жыгылаар экен деген тейде акмалап турат. Тарамыштай тырмышкан мышык тукумундагылардын тырмагына илингендерден кутулуп кетүү оңой эмес.

Это пугает! Громадная акула плывет рядом с дайвером — видео - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө чоң экен! Суучулдун жанында каалгыган акуланын видеосу
Антилопа каршылык көрсөткөн сайын берки жырткычтар чапкенедей жабышканын көрүүгө болот. Этке туйтунам деп жетип келген гиена өзү эмес, өзгөлөрдү да олжосуз калтырды. Душманын көргөн жырткычтар аярлай калганда карылуу антилопа алардын азуусунан бошонгонго жетишкен. Бошонмок турсун тик мүйүздөрү менен аны жара тартып кетүүгө аракет кылгандардын артынан кууп сүзгүлөп, шаштысын алган.

Акырында буту жерге анда-мында бир тие качып, өзөндү беттеп, көздөн кайым болгон антилопаны көрүүгө болот.

Интернет айдыңында антилопанын каармандыгы, шашмалыгы жана шамдагайлыгы жөнүндө видеолор көп тараган.

Кыймылдаганга дарманы калбаптыр. Африкада турист антилопаны сууруп чыккан видео.

Куусун көр! Секирип өтмөк болгон антилопаны тамактан алган кабыландын видеосу.

Гну антилопасы арстандарды мүйүзү менен челип ыргытты. Видео.

Жаңылыктар түрмөгү
0