Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Цирктеги гимнасттардын бийиктиктен кулаган видеосу

Жазылуу
Социалдык тармакта Флоридадагы гимнасттардын бир топ эле бийиктиктен кулаган видеосу тарады. Алардын атактуу дарчы-рекордчу Ник Валленда менен биргеликте репетиция кылып жаткандыгы айтылды.

Америкалык WPTV-TV телеканалы көптөрдү чочуткан видеону элге көрсөтүп, окуя мындан эки жыл мурда Саратсота шаарында болгондугун билдирди.

Жүрөгү тоодой экен. 1500 метрге көтөрүлүп бийлеген адамдын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгү тоодой экен. 1500 метрге көтөрүлүп бийлеген адамдын видеосу
Гимнасттар аркан менен басып, алардын ийинине дагы бир узун таякты коюп, ага дагы экөө туруп, ал экөөнүн үстүнө турган жигиттин ийинине кыз отуруп, алдыга жыла баштаган. Бул пирамиданы элестеткен. Циркачтар аркандын ортосуна жетип калганда алдыдагы гимнасттардын бири чайпалып, андан соң тең салмагын жоготуп, жыйынтыгында сегиз киши жерге кулап түшкөн. Маалыматта алардын 8 метрден түшкөндүгү айтылды. Анын кесепетинен бешөө оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Медициналык жардамды тез көрсөтүү үчүн тик учактар чакырылган.

Бул кырсыктан дарчы, гимнаст, рекордчу Ник Валленда жабыркаган эмес. Ал Гиннес китебине буга чейин өзүнүн трюктары менен алты жолу катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0