Бири-бирин жегиси келип… Эки жыландын айыгышкан кармашы. Видео

Жазылуу
Австралиянын Балланден шаарынын Женни Хиллман аттуу тургуну эки жыландын айгышкан кармашына күбө болду.

Сойлоп жүрүүчүлөрдүн жүрөк үшүн алган таймашына ал суу жээктеп сейилдеп жүргөндө учурап калган. Видеонун сүрөттөмөсүнө автор мындай мыкаачылыкты эч качан көрбөгөнүн жазган.

"Чоң жылан кичинесин жейм деп куйругунан тиштеп алыптыр. Албетте, анысы каршылык көрсөттү", — деп жазды аял.

Кичинекей кыздын жыландын жанына отуруп, крокодилдин тишин тазалап жаткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей кыздын жыландын жанына отуруп, крокодилдин тишин тазалап жаткан видеосу
Хиллман кыл чайнашкан урушту бир сааттан ашык карап туруп, бири экинчисинин эсин оодарып, ары сүйрөп кеткенден кийин гана жолуна түшкөн.

Жылан жыланды жеп салганы соцтармак колдонуучулары үчүн абдан кызык болду. Мындан улам ABC басылмасына Квинсленд университетинин биология илимдери боюнча профессору жаратылышта бул адаттагыдай көрүнүш экенин түшүндүрүп берди. Анын айтымында, жылан үчүн, мисалы, момолой сыяктуу диаметри чоң жаныбарды жегенден көрө, өз ашказанына сыйымдуу келген башка жыланды жеген оңоюраак.

Жаңылыктар түрмөгү
0