Курчаган элден араң бошонуп чыккан Димаш. Кремлдеги концертинин видеосу

Жазылуу
Казакстандан чыккан дүйнөлүк жылдыз Димаш Кудайбергендин Москвадагы концерти аншлаг менен өттү.

Ырчынын Кремлдеги алгачкы жеке концертиндеги видеону Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жүктөдү.

Видеодо көрүнүп тургандай, артист чыгармасын аткарып бүткөндөн кийин көрүүчүлөр анын колун кысып, кучактап, ар тарабынан гүл берүүгө аракет кылышкан.

"Достор, силерге жактыбы? Мен дүйнөдөгү эң бактылуу ырчымын, анткени сиздер барсыздар. Рахмат, көрүшкөнчө. Мен силерди сүйөм. Казакстанга келип тургула", — деген Димаш көрүүчүлөргө.

Келгендер артистке шатырата кол чаап, гүл сунуп, көпкө чейин кетиргиси келген эмес.

Димаштын концерти композитор Игорь Крутойдун колдоосу менен өткөн. Экинчи кечеси 23-март, ишемби күнү тартууланары айтылган.

Ал эми Димаштын Астанадагы жеке концерти 29-июнда болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0