Чалкасынан кетиптир! Борбордогу аттракциондон жыгылган кыздын видеосу

Жазылуу
Кыз Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун нейрожаракат бөлүмүнө жаткырылып, ага "баш мээси чайкалган" деген диагноз коюшкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин WhatsApp каналына окурман Нооруз майрамы учурунда борбордогу Панфилов паркындагы аттракциондон кулап түшкөн кыздын камера көзөмөлгө түшүп калган видеосун салды.

АКШнын Огайо штатындагы жарманке учурунда аттракцион сынып кеткенинен улам бир адам каза болду - Sputnik Кыргызстан
АКШда аттракцион сынып кетип, 18 жаштагы улан каза тапты. Кырсыктын видеосу
Буга чейин Instagram тармагында аттракциондон кырсыктаган кызды ак халатчандар замбилге салып алып кеткен видео тараган. 

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдиргендей, кыз нейрожаракат бөлүмүнө жаткырылып, ага "баш мээси чайкалган" деген диагноз коюшкан. Абалы туруктуу.

Кадрларда көрүнүп тургандай, паркка келгендер аттракционго түшүп жатканда, алардын бири тең салмактуулугун жоготуп, бир метрдей бийиктиктен кулап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0