07:43 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Видео

Филиппинде өлгөн киттин ичинен 40 кг желим чыкты. Видео

Кыскача шилтеме алуу
714 0 0

Жыл сайын дүйнөдө үч миллион тонна желим таштанды ыргытылат. Анын 1,2 миллион тоннасы океанга түшөт.

Филиппинде жээкке чыгып өлүп калган киттин ашказанынан 40 килограмм желим баштык жана бөтөлкөлөрдү алып чыгышты. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазып, окуянын видеосун өзүнүн YouTube тармагындагы каналына жүктөдү.

Жаныбарды 16-март күнү Ситио Асинан аймагынан табышкан. Адистер анын өлүмүн иликтеш үчүн союп көргөндө ичинен 40 килограмм желим чыкты. Арасында күрүч салган 16, банан салган төрт жана дүкөндөрдө азык-түлүк салып берчү толгон-токой баштыктар болгон. Калганы суусундук бөтөлкөлөрү.

Киттин өлүмүнө дал ушул ташдандылар себеп болгону айтылды.

Маалыматка караганда, жыл сайын дүйнөдө үч миллион тонна желим таштанды ыргытылат. Анын 1,2 миллион тоннасы океанга түшөт. Алардын 60 пайызы Кытай, Индонезия, Филиппин, Вьетнам жана Шри-Ланкага туура келет. Мунун айынан миңдеген суу жаныбарлары кырылууда.

Тема боюнча

АКШда чоң көлөмдөгү кит океан жээгине чыгып калган. Видео
80 желим баштыкты жутуп алган дельфинди сактай албай коюшту
Депутат: мыйзам ишке кирсе, желим баштык ыргыткандарга 5500 сом айып салынат
Грузия желим баштыктарды колдонууга тыюу салды
Иманалиев: Ысык-Көлдөн чыккан таштандынын теңинен көбү желим баштык
Белгилер:
Филиппиндер, кит, желим баштыктар, океан, таштанды, өлүм

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ