"Алай" менен "Торпедонун" футболчулары Түркиянын талаасында мушташа кетти. Видео

Жазылуу
Чечүүчү оюн Түркияда өткөн.

Оштун "Алай" жана Москванын "Торпедо" клубунун футболчулары чечүүчү оюн учурунда мушташып кетишти.

Окуянын видеосу москвалык клубдун Facebook баракчасына жарыяланды. Машыгуу оюндары Түркияда өткөн.

Москвалык клубдун жарым коргоочусу Андрей Лях видеонун алдына Ош клубунун оюнчуларынын бири (20-номердеги оюнчу) анын командасындагы футболчуларды билдирбестен бутка тээп кетип жатканын жазган.

"Мен судьяга басып келип англис тилинде канчанчы ирет эреже бузулуп жатканын суроого аракет жасадым. Бирок арбитр мени түшүнбөй койду окшойт. Кийинки эпизоддо ошол эле футболчу Кертановду бутка тепти. Муну көрө калып оюнчунун жанына чуркап келгенимде мушташ башталды. Кийин дарбазачы менен капитан мага асылды. Биздин балдардын бардыгы аман, автобуска отуруп мейманканага кетишти. Алар мени Костяга болушканым үчүн макташты", — деди Лях.

Маалыматта окуядан кийин арбитр оюнду эки мүнөт эрте бүтүргөнү айтылат.

Кыргызстандын клубу бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0