Тайванда келишкен дене мүчөсүнөн улам сатуучу кыз "ханыша" аталды. Видео

Жазылуу
Селки туугандарыныкына болгону эки эле күнгө келген. Бирок бул убакыт кафеге жаңы кардарларды тартууга кеңири жеткени айтылат.

Барбекю саткан тайвандык кыз Руо Янь сулуулугу жана келишкен дене мүчөсү менен таңгалдырып, социалдык тармактын жылдызына айланды.

Барбекю даярдап жана кардарларды тейлеп жаткан кызды туристтердин бири тартып алып, Интернетке жүктөп койгон. Роликти аз убакыттын ичинде 21 миң киши көргөн.

Fox News басылмасы жазгандай, Руо Янь 19 жашынан бери модель болуп иштеп, ырчылыкты да аркалайт. Эс алуу учурунда үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн Алишань улуттук жаратылыш паркында жайгашкан кафеде иштеген.

Видео тартылган маалда 36 жаштагы Янь туугандарыныкына болгону эки күнгө эле келген. Бул убакытта кафеге кирген жаңы кардарлардын саны кескин өскөн.

Өзү жөнүндө эл арасына тараган маалыматтарды жана көпчүлүккө таанылып кеткенин модель кыз досторунан уккан. 

Көпчүлүк сулууну "барбекю ханышасы" атоого үлгүрдү.

Бул жакындарына жардам берип жатып эл оозуна алынган биринчи тайвандык сулуу эмес. Бир нече ай мурда базарда балык саткан энесине жардам берип жаткан бийкеч да көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0