Баш-аягы көрүнбөй... Аравиядагы фестивалда парадга чыккан кыргыздардын видеосу

Жазылуу
Ишембиге караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Сamel Fest төө фестивалынын алкагында уюштурулган "Көчмөндөр ааламы" эл аралык этнофестивалынын расмий ачылышы болуп өттү.

Ага шейх Фахад Бин Фалах Бин Хатлин ардактуу конок катары келип катышканын Этнооюндар конфедерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аземи кыргыз өнөрпоздорунун оюн-зоок программасы менен башталды. Ал жерде манас айтылып, акындар ырдап, ат үстүндө шамалдай ойногон жигит-кыздар кыз куумай, тыйын эңмей, эр сайыш, жаа атуу, эр эңиш жана көк бөрү оюндарын көрсөтүштү. Андан соң спорттук иш-чараларга катыша турган делегация салтанаттуу парадга чыкты.

Видеодон катышуучулардын эң көбү Кыргызстан менен Сауд Аравия өлкөсүнөн экени байкалды. Башка мамлекеттен аз сандагы спортчулар катышкан.

Фестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Алп акын Аалы алп жигиттер менен Сауд Аравияда. Фотофакт
Кыргызстандыктар жүрүшкө чыкканда атчан кыз-жигиттер жол баштап, артынан жөө адамдар коштогон. Баары улуттук кийимчен баратканын көрүүгө болот.

Этнооюндар конфедерациясынын маалыматына ылайык, спорттук оюндарга 73 өлкөдөн 700 оюнчу катышат. Алар күрөштүн улуттук түрлөрү, жеке кармашуулар, салттык интеллектуалдык оюндар боюнча спорттун 15 түрүнөн күч сынашат. Ал эми көк бөрү, эр эңиш, жигитовка, жаа атуу, салбуурун, ордо, айкүр сыяктуу спорттун 16 түрү көргөзмө катары тартууланат.

Эске салсак, 9-мартта башталган Camel Fest фестивалы  23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтүүдө. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген.

Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылууда. Кеткен чыгымды толугу менен уюштуруучулар көтөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0