Чай ичкени эле барат! Жээнбековдун аткаминерлерди зекиген видеосу

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элчилик менен консулдуктардын башчылары менен кеңешме өткөрдү.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: элчиликте иштеген айдоочулар да чет тилди билиши керек
Өлкө башчысы Кыргызстан ачык мамлекет экенин айтты. Андан сырткары, парламенттик мамлекет, демократияны куруп жатат деп бир катар чет мамлекеттер жетекчилерди сыйлап чакырарына токтолду. Бирок мындай чакырууларга жөн гана барып келген жетекчилер бар экенин белгилеп, мындан кийин чет жакка чыккан аткаминерлерди Тышкы иштер министрлиги көзөмөлдөшү керектигин айтты.

"Көп учурларда биздин жетекчилер конкреттүү иш кылбастан турист катары барып келишет. Эмнеге барып келди деген көзөмөл жок болгондуктан кээде жөн эле барып келип жатасыңар. Мына ушуну токтотуш керек. Баргандан кийин элчиликтин чайын ичип келе бербестен жыйынтык да чыгара келиш керек", — деди президент.

Жээнбеков өкмөттүн өкүлдөрүнүн чет жакка болгон сапарлары тууралуу тийиштүү бөлүмдөр премьерге дагы маалымат жеткирип турушу керектигин билдирди. Себеби өкмөт башчысы бардыгын көзөмөлдөй албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0