Жол эрежесин бузгандар айып катты алуудан баш тартса эмне болот? Видеожооп

Жазылуу
Жол эрежесин бузганы видеокөзөмөл камерасына түшүп калып, айып пул төлөө боюнча келген кагазды айдоочу алуудан баш тартса да документ тапшырылган болуп эсептелет.

Ал эми айып акчасы 30 күндүн ичинде төлөнбөсө, ага туум чыга баштайт да муну маалымдаган кагаз кайрадан автоунаа ээсине келет. Бул туурасында "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын почта кызматтары жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова билдирди.

Ал "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган камералар тарткан тартип бузуулардын токтомдорун көпчүлүк эл алуудан баш тартып жаткандыгын айтты. Мунун негизги себептеринин бири - унааларын ишеним каттын негизинде сатып жибергендиги болуп жатканы айтылды.

"Бирок Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айдоочу катты алгандан баш тартса дагы кат тапшырылган болуп эсептелинет. 30 күндүн ичинде төлөнбөсө, ага туум менен төлөөгө кагаз келет. Алуучулар баш тарткан шартта биздин почта кызматкерлери маалым кат түзөт. "Айып катты алгандан баш тартты" деп жазып, өзүнүн колун коюп, тийиштүү байланыш бөлүмүнүн мөөрүн басып, анан жөнөтүшөт", — деди Жээнбекова.

Эске салсак, 11-марттан тарта почта кызматкерлери жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга айып кагаздарын, тагыраагы, толтурулган протоколдорду тарата баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0