22:55 25 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7441
  • EUR78.9154
  • RUB1.0813
Видео

Уруксат бергендер иштен кетсин! "Кыргыз чоролорунун" мэрияга барган видеосу

Кыскача шилтеме алуу
188 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси 8-март күнкү феминисттердин жүрүшү боюнча нааразычылык акциясын өткөрүү үчүн мэрияга уруксат кагазын таштаганы барды.

Алар 13-март күнү акция өткөрүп, 8-мартта жүрүшкө чыгууга уруксат берген бийлик органдарына чара көрүүнү талап кыларын билдиришти. Алар акциянын катышуучулары көтөрүп чыккан айрым лозунгдар улуттук баалуулуктарга каршы келип, провокациялык чакырыктар ташталды деп нааразы болууда.

"Кыргыз чоролору" менен мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев чыгып жолукту. Анын айтымында, уруксат сураган уюмдар аялдардын укугун коргоого багытталган жүрүш болорун билдирген.

"Конституция боюнча жүрүш жасоону эч ким тыя албайт. Бизге энелердин майрамына карата деп уруксат сурап көптөгөн уюмдар кайрылган. Аларга чагымчыл адамдар кошулуп кетерин эч ким билген эмес. Апалардын укугун коргоо боюнча жүрүш болот десе, уруксат беребиз да. Мэр "шаардагы болуп жаткан иштерге өзүм жооп берем. Эгер мен тараптан кеткен мыйзам бузууну тапсаңар, жумуштан кетем" деп жатат", — деди Түлөбаев.

Мындан сырткары, ал калаада митинг өткөрүп же жүрүшкө чыгуу үчүн жолдорду тоспоо, улуттар аралык кастыкты козутпоо сыяктуу эки-үч гана талап коюларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, аялдардын эл аралык күнү майрамдалган 8-мартта Бишкекте феминисттер жүрүшкө чыккан. Алардын көтөрүп чыккан айрым лозунгдары элди нааразы кылып, социалдык тармактарда катуу талкууланып жатат. Мындан улам акция өткөрүүгө уруксат бергендиги үчүн калаа мэриясына да сындар айтылган.

Тема боюнча

Стамбулда феминисттерди полиция газ жана желим ок менен атып таратты. Видео
Белгилер:
нааразылык акциясы, жүрүш, акция, кырк чоро, мэрия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ