Катуу шамал океанда бараткан кеменин 6 000 жүргүнчүсүнүн эсин оодарды. Видео

Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымга чейин жетип, кемени ары-бери терметип ийген.

Алты миң жүргүнчүсү менен бара жаткан кеме Атлантика океанында катуу шамалга кабылды. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Суперяхта Dilbar Алишера Усманова - Sputnik Кыргызстан
Усмановдун "Дилбары" Барселонага токтоп, көргөндөрдүн оозун ачырды. Сүрөт
Лайнер Нью-Йорктон чыгып Багам аралдарына бара жаткан жолдун ортосунда бороон-чапкынга учураган. Шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымга чейин жетип, кемени ары-бери терметип, ичиндеги жүргүнчүлөр эмерек, тепкичтерди кармап араң турушкан, идиш-аяктар талкаланган.

Кийинчерээк америкалык жүргүнчү Саманта Фостер ичиндегилердин баары "чөгүп кетебизби" деп коркконун айтып берген. Анын билдиришинче, кеме капталына оодарылып кала жаздап, капитан абалды жөнгө сала албай 10 мүнөт кыйналган.

Лайнер жээкке жеткенде жүргүнчүлөрдү ондогон психолог менен дарыгерлер күтүп турган. Бери жагы сегиз адам ооруканага жаткырылганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0