Пара алган сот аткаруучуну кармоо учуру. Акчаны принтерге катып койгон

Жазылуу
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) адистери Чүй облусундагы Москва районунун сот аткаруучусун пара алып жаткан жеринен колго түшүрдү.

Финполго Н.И. аттуу адам кайрылып, райондун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдө иштегендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.

АКШ долларлары жана конверт. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: ИИМдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Анын айтымында, ага сот аткаруучу кесиптеши менен сүйлөшүп алып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, милицияга кайрылган кишиден 50 миң сом талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнө ("Пара талап кылуу") ылайык Кылмыштар жана жоруктар реестрине катталган.

Финполдун берген маалыматы боюнча 4-март күнү сот аткаруучулар кызматынын имаратында ага сот аткаруучу акча алып жаткан жеринен кармалган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0