Чүйдөгү мүрзөнүн аймагы таштандыга толуп калган. Видео

Жазылуу
Айланасын таштанды басып кеткен мүрзөнүн видеосун күбө WhatsApp каналы аркылуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберди. Анын айтымына караганда, видео 5-мартта Кеминде тартылган.

Кадрда көрүнүп тургандай, туш-тарапта желим баштыктар чачылып жатат. Окурман 100 метр ары жерде мүрзө жайгашканын билдирди.

"Өткөн жылдын күз айларынан бери алыс эмес жерде жайгашкан таштандыдагы желим баштыктарды шамал ушул жакка учуруп жатат. Жакында белгисиз адамдар таштанды тосулган тосмону уурдап кетишиптир", — деди күбө.

Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев үч айлык ишембиликтин алкагында бул көйгөйдү жоюуну көздөп жатышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кар жакында эле эригендиктен бул аймакты тазалоого жетишкен жокпуз. Ал жактын тазалыгын көзөмөлдөөгө эки адам бекитилет. Ошондой эле таштандынын айланасындагы тосмо оңдолот", — деди аким.

Ала-Арча дарыясынын нугуна күйүүчү май төгүлүп калган видео - Sputnik Кыргызстан
Ала-Арча дарыясынын нугуна күйүүчү май төгүлүп калган видео
Жогорку Кеңештин депутаттары желим баштыктарды чыгарууга, өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, эреже бузулган учурда административдик, дисциплинардык, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда.

Эртең, 7-мартта, Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "Кыргызстанда полиэтилен баштыктарына тыюу салынабы? 17 миң сомго чейин айып каралышы мүмкүн" деп аталган тегерек стол өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0