Директорду чыгарып ийип кабинетинде сабак өтүп. Баткендеги "байыркы" мектеп видеодо

Жазылуу
Баткен районундагы Сай айылынын окуучулары үч смен менен окуп жатышат. Андан сырткары, класстардын тартыштыгынан бир партада үчтөн бала отурат.

Баткен районундагы Сай айылындагы курулушу 2014-жылы башталган Дүйшө Акматов атындагы жаңы мектеп ушу кезге чейин бүтпөй турат. Балдар 1974-жылы курулган эски мектепте окуусун улантууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, имараттын мектеп деген эле аты болбосо класстардын полу түшүп, чатырдан тамчы агат. Бирок мугалимдер ага карабастан окуучуларды окутуп келет.

Аталган мектепте көп жылдан бери иштеп келе жаткан мугалим Исамидин Мурсалиев Сай айылында 2 миңдей киши жашай турганын, мектепте 33 мугалим эмгектенип, 350дөй окуучуга сабак берерин айтты.

"2014-жылы айылга 225 орундуу мектептин курулушу башталып, мамлекет тарабынан 15 миллион сом каралган. Ал каражатка тийиштүү иштер бүткөрүлүп, ошондон бери курулуш иштери токтоп турат. 2018-жылы улам-улам кайрылып жатып 5 миллион сом бөлдүргөнбүз. Бирок анын 2 миллион сому гана берилип, 3 миллион сому калып калды. Мектепте 33 мугалим, 350 окуучу бар. Эски мектептин беш классы бузулуп кеткен, учурда окуучулар 7 класста үч бөлүнүп (смен менен) окуп жатышат", — деди ал.

Учурда эки кабаттуу мектептин дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылып, терезелери салынган. Эми имараттын ичин жана сыртын жасоо керек.

Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентте мигранттардын балдары үчүн жатак мектебин ачуу сунушталды
Мурсалиев ошондой эле окуучулар саат 8:00дө баштала турчу сабакка келүү үчүн таң эрте саат 7:00дө жолго чыгарын айтып, үчүнчү сменде окугандардын сабагы кечинде саат 7:15те аяктарын кошумчалады.

Ата-энелер балдарын караңгыда жалгыз калтырбай кезектешип, айрым учурда өз ара уюшуп алып кетет.

"Биздин мектепке 2-3 чакырым аралыктан жөө келип окушат. Окуучулар кечинде үйгө кайтып жатканда жолдо чөө-бөрүлөрдүн улуганын угуп коркуп жатышканын айтышууда. Айрым ата-энелер дөң, адырларда балдарын тосуп алышат", — деди Мурсалиев.

Мектептин тарых мугалими Токтобүбү Таштанова жаңы мектеп эски мектептин айрым класстарын бузуп, ошонун ордуна салынганын айтты. Андыктан класстар жетишпей кыйналып жатканына токтолду.

"Азыр мектепте жалпысынан 19 класс бар. Ал жакта 343 бала үч смен менен окуйт. Окуучулар үчүн ийримдерди ачалы дейбиз, бирок класс жок. Кээде музыка сыяктуу сабактарды директорду "кабинетиңизден чыга туруңуз, сабак өтүп алалы" деп суранабыз", — деди ал.

Таштанова кышында класстарды жылуулаш үчүн коопсуздук талаптарына жооп бербесе да айла жоктуктан буржуй мештерди коюуга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Начальник Бишкекского городского управления Минсоцразвития Бактыбек Усупбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Усупбеков: тест балдарга кесипти туура тандоого мүмкүнчүлүк берет
Мектептин мугалимдери курулуш иштери быйыл да бүтпөй калат деп кооптонушууда. Анткени Билим берүү министрлиги менен Капиталдык курулуш башкармалыгы быйыл курулушу 70 пайызга бүткөн мектептер гана бүткөрүлөрүн айткан.

"70 пайызга жетпей калса эмне болот. Биздин мектептин курулуп баштаганына беш жыл болуп бара жатат. Балдар үч смен менен окууда. Биздин абалыбыз кандай болот? Көптөгөн мектептер 5 күндүк окууга өткөрүлүп, ишемби, жекшемби күндөрү эс алуу. Биз 6 күн бою үч смен менен окуйбуз", — деди ал.

Айылдыктар президент, премьерден тарта Билим берүү министрлигине, Капиталдык курулуш башкармалыгына чейин кайрылганын, бирок бардыгынан "бюджетте каражат жетишсиз, акча болсо эле мектепти бүтүрөбүз" деген окшош жооптор келип жатканын айтышты. Акыркы жолу ушундай жооп 2018-жылдын декабрь айынын аягында келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0