Жекшемби күнү Лас-Вегаста өткөн UFC 235 турниринде бразилиялык белгилүү мушкер Жонни Уокердин окуясы көпчүлүктү таң калтырды. Видео UFC Europe уюмунун Twitter аккаунтуна жарыяланды.
FLYING KNEE!!!@JohnnyWalkerMMA does it again at #UFC235! pic.twitter.com/7FQsO3gZjD
— UFC Europe (@UFCEurope) 3 марта 2019 г.
Уокер канадалык Миша Циркунов менен беттешкен. Бразилиялык мушкер рингге чыгары менен 38 секунддун ичинде атаандашын тизе менен нокаутка кетирген.
Жеңиштен кийин Уокер сүйүнгөнүнө чыдабай тикесинен кулаган. RT басылмасынын жазганына караганда, спортчу жаракат алып, акырегин чыгарып алган.
Бразилиялык мушкер катары менен сегиз беттештен жеңүүчү болуп чыкканы айтылды.