Ала-Арча дарыясынын нугуна күйүүчү май төгүлүп калган видео

Жазылуу
Учурда Жибек Жолу кеңейтилип, көпүрө салынууда.

Жибек Жолу проспектисиндеги Ала-Арча дарыясынын нугуна диаметри эки метрге жеткен аңга май төгүп кетишкенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, сүрөт, видеолорду жөнөттү.

© Sputnik / Нурис АлымбаевЖибек Жолу проспектисиндеги Ала-Арча дарыясынын нугуна диаметри эки метрге жеткен аңга май төгүп кетишкенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, сүрөт, видеолорду жөнөттү
Ала-Арча дарыясынын нугуна күйүүчү май төгүлүп калган видео - Sputnik Кыргызстан
Жибек Жолу проспектисиндеги Ала-Арча дарыясынын нугуна диаметри эки метрге жеткен аңга май төгүп кетишкенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, сүрөт, видеолорду жөнөттү

Анын айтымында, сүрөт, видеону 2-мартта саат 15:40тар чамасында тартып алган. Ал Жибек Жолу проспектисинде атайын техника иштеп жатканын, экскаватор дарыянын жээгинде казган аңга күйүүчү май толтурулганын айтты.

Работа ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Адис Бишкекти XIX кылымдагы Лондон менен салыштырды
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерге барып, иштеп жаткандар менен сүйлөштү.

Ал жерге машинанын майы төгүлүп калганын айтып, дарыяга куюлбасын деп тосуп коюшканын билдирди.

Ал ошондой эле учурда бул жерде техника жолду кеңейтүү жана көпүрө салуу үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

Sputnik агенттигинин кабарчылары Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова менен байланышты. Анын айтымына караганда, тротуарды кеңейтүү иштеринин жүрүшүндө май куюлган канистра табылган.

"Өткөн жылдын күз айларында кимдир бирөө канистрди көмүп койгон окшойт. Иштеп жаткан экскаватор аны тешип алып, май төгүлүп калган. Жерине "Бишкекасфальтсервис" ишканасы менен аймактык башкармалыктын жетекчиси жөнөп кетти. Эмне болгон май экенин азырынча так билбейбиз. Учурда аны атайын техниканын жардамы менен сордуруп алдык", — деди Алмамбетова.

© пресс-служба мэрии города БишкекСүрөт 2-мартта саат 15:40тар чамасында тартылан
Ала-Арча дарыясынын нугуна күйүүчү май төгүлүп калган видео - Sputnik Кыргызстан
Сүрөт 2-мартта саат 15:40тар чамасында тартылан

Ал ошондой эле күйүүчү май сууга кошулбаганын белгиледи.

Кийинчерээк "Бишкекасфальтсервистин" жетекчиси Мирлан Амантуров жерге канистрдеги 10 литрдей май төгүлгөнүн билдирди.
"Канистрди ыргытып жиберишкен же таштанды менен агып келген. Учурда баарын тазалап койдук. Май эки же үч куб метр суу менен аралашкан", — деди Амантуров.

© Sputnik / Нурис АлымбаевУчурда аны атайын техниканын жардамы менен сордуруп алынды
Ала-Арча дарыясынын нугуна күйүүчү май төгүлүп калган видео - Sputnik Кыргызстан
Учурда аны атайын техниканын жардамы менен сордуруп алынды

Ал көпүрөнүн алды 90 пайызга таштандыга толгонун, учурда 200 куб метр таштанды чыгарылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0