Казакстандык тестиер өзгөчө үнү менен Меладзени таң калтырды. Видео

Жазылуу
Уральскиден чыккан жаш ырчыны калыстар тобу өзгөчө баалап, баары ага устат болгусу келгенин айткан.

Казакстандык тестиер Ержан Максим Россиянын "Голос. Дети" сынагында өзгөчө үнү менен калыстар тобун таң калтырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, сынакта Светлана Лобода, Валерий Меладзе жана Пелагея калыс болушкан.

Мурашки по коже. Участница Ты супер! вновь поразила жюри — видео - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө үндүү ырчы кыз "Ты супер!" сынагында калыстарды таң калтырды. Видео
11 жаштагы Ержан Андреа Бочеллинин Ama credi e vai аттуу ырын аткарган. Чыгарма 2006-жылы Туринде өткөн Олимпиаданын ачылыш аземине карата жазылган. Ыр англис, нидерланд жана италия тилдеринде аткарылып келет.

Ержандын үнүн уккандан кийин калыстар тобу аны өзгөчө баалап, үчөө тең добуш беришкен.

Светлана Лобода менен Пелагея экөө тең балага устат болгусу келгенин айтышса, Валерий Меладзе бир аз карманып, тестиерге кайсы музыка жагарын сураган.

Соңунда жаш ырчы устат катары Валерий Меладзени тандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0