Кытайлык аял жолдошун көңүлдөшү менен кошуп туруп даракка байлап койгон видео

Жазылуу
Кытайлык аял жолдошу менен анын көңүлдөшүн катуу жазалады.

Кучакташып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көңүлдөш болуудан тажадым! Үй-бүлөлүү эркектин очогун бузгусу келген аял
The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя Гуйчжоу провинциясында болгон. Көзүнө чөп салган жолдошун кармап алган аял жакындарынын жардамы менен экөөнү тең сыртка алып чыгып, элдин көзүнчө даракка байлап койгон.

Окуя болгонун жергиликтүү ЖМКларга Хушуи округунун коопсуздук бюросунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, жерине укук коргоочулар барып аялды бошотуп үстүнө кийим беришкен. Ал эми кишиге жардам берилген-берилбегени айтылган жок. Полиция окуяга катышкан бир нече адамды колго түшүрүп, тергөө амалдарын баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0