Сүлүк курт биякта калды! Суучулдун айласын кетирген жаныбардын видеосу

Жазылуу
Далысына осьминог жабышкан суучул андан кутула албай бир топ убара тартып, акыры жолдошу жардамга келген.

Окуя Италияда болгондугун Daily Mail жазды.

Роликтин автору Жузеппе Торторелла досу Роберто менен суу мейкиндигине чыккан.

Алардын бири балык уулоо үчүн аңчылыкка атайын кийимчен түшүп кетип, көп өтпөй кайра кайтып келген.

"Роберто балык кармап жатканда осьминог анын колуна жабышып калыптыр. Ал суунун үстүнө чыкканча далысын көздөй жылып жеткенин көрдүм", — деп айтып берген Торторелла.

Видеодон деңиз жаныбары суучулдун кийимине бекем жабышып алгандыктан, ажырабай айласын кетиргенин көрүүгө болот.

Робертонун күтүүсүз коноктон кутула албай айласы кеткенде, экинчиси жардамга келген. Экөө капыстан келген "душманды" кайрадан сууга кое беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0