Ак үйдүн жанында жолтандабас менен жеңил автоунаа кагышты. Видео

Жазылуу
Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW E34 менен BMW X5 жолтандабас кагышып кетти. Тагыраагы, кырсык 25-февралда, бүгүн, Жогорку Кеңештин имаратынын жанында болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына автокырсык болжол менен саат 22.00 чамасында болгондугун билдиришти.

Бактыга жараша, унаалар кагышканда ичиндеги адамдар жабыркаган эмес.

Милициядан учурда окуянын эмнеден болгондугу такталып жаткандыгын айтышты. Ал эми айдоочулар медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн барат. Учурда жеринде автоинспекторлор жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0