Бишкекте эки айдоочу чак түштө ээнбаштык кылды. Видео

Жазылуу
BMW дрифт көрсөткүсү келип жолдун ортосунан айланса, жанындагы Range Rover эмнегедир артка кетти. Окуя видеокаттоого түшүп калган.

Жолдогу бейбаштыктын видеосун күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жиберишкен.

Бишкекте Lexus жөө адамды коюп кетти. Кырсык болгон учур видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Lexus жөө адамды коюп кетти. Кырсык болгон учур видеого түшүп калган
Маалыматка караганда, окуя Токомбаев (Түштүк магистраль) менен Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде 23-февраль күнү саат 13.45те болгон.

Кадрларда көрүнүп тургандай, жол чырактын кызылы күйүп турганда BMW "токто" деген чийинден өтүп барып, унааны чимирилте айлантат. Ал эми бурулуп жаткан Range Rover бир тараптуу тилкеден артты көздөй кетет.

Бишкектин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы видеону иликтеп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0