Сыналгыдагы мультфильмди көрүп "ыйлаган" ит. Жүрөк жылыткан видео

Жазылуу
Сыналгы аркылуу белгилүү "Король Лев" мультфильмин көргөн иттин эмоциясы көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты.

Шейшемби күнү Josh Myers аттуу интернет колдонуучу өзүнүн Facebook баракчасына видео жарыялаган. Анда аталган мультфильмдин сюжети боюнча атасынан айрылып калган кичинекей Симбанын ыйлаган жерин көргөн үй жаныбары жанын коерго жер таппай, кайгырып кыңшылаганын көрүүгө болот.

Видеону беш күндүн ичинде 90 миңге жакын адам бөлүшүп, 4,5 миллиондон ашык интернет колдонуучу көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0