Ымыркайын таштаган жаш келин көзгө жаш алдырган видео кайрылуу калтырды

Жазылуу
Интернетте жаңы төрөлгөн ымыркайына видео кайрылуу калтырган эненин жүрөк оорутуп, көзгө жаш алдырган видеосу пайда болду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазып чыкты.

Анда жаш эне жаңы төрөлгөн уулуна эмне себептен аны дароо башка үй-бүлөгө бергенин, мындай чечимге аргасыздан келгенин түшүндүрүп берген.

Айтымында, ал өтө эле жаш куракта кош бойлуу болуп калган. Ал эми сүйүктүүсү (баланын атасы) каза болгон.

"Башка үй-бүлөгө берерде Кененден калган жалгыз мурас экениңди билгем. Бирок кийинчерээк сага сонун ата-эне таап, ал тургай аларды абдан жакшы көрүп калдым", — деп кайрылган энеси уулуна.

Ханна баласын татыктуу тарбиялай, жалгыз бой чоңойто албасына көзү жеткендиктен, ага башка үй-бүлө издей баштаганын да баяндаган.

Бактыга жараша, жаш эне баласынан биротоло ажыраган эмес. Ал уулун багып алган аял менен жакшы мамиле түзүп кеткен.

Эки жылдан бери наристе башка үй-бүлөдө чоңоюуда. Бирок аны жарык дүйнөгө алып келген энеси барып, уулун көрүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0