Өзгөчө экен! Көптөр көрө элек сейрек кездешкен пингвиндин видеосу

Жазылуу
Жаныбардын мындай түстө болушу генетикалык мутациядан улам болгондугун айтышты.

"Династиялар" деп аталган даректүү тасма тарткан чыгармачыл топ Антарктикада өзгөчө бир кызык көрүнүштү тасмага түшүргөн. Операторлор башкача жандыкты — капкара пингвинди байкап калышкан. Суукта бейкапар ары-бери басып жүргөн бул пингвиндин ролиги YouTube каналына жарыяланган.

Кадрдан башкаларынын төшү ак болсо, аныкы чымкый кара экендигин көрүүгө болот. Адистер бул меланизмден, тагыраагы, генетикалык мутациядан улам экендигин айтышты.

Буга чейин интернетке элдин сүймөнчүлүгүнө айланган Африкадагы эки пингвин жөнүндө видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0