Украиналык аткаминер жыйында порноролик коюп алып, уят болду. Видео

Жазылуу
Украиналык аткаминер облустук администрациянын жыйыны учурунда порноролик коюп алып, айласын таппай калды.

"Кировоградский облавтодор" ишканасынын директору Андрей Рудниктин ыңгайсыз абалын жыйынга катышкан журналисттер видеого тартып алышкан.

Жергиликтүү CBN телеканалынын билдиргенине караганда, Аймактык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Виктория Куликова сүйлөп жаткан маалда ары жактан эротикалык тасмаларды элестеткен үн угулган.

Аны жыйындын бардык катышуучулары угуп, баш чайкап, жылмайып койгонун көрүүгө болот.

Рудник уялып жыйындан чыгып бара жаткан жеринен CBN каналынын журналисти окуя боюнча пикирин берүүгө аракет кылды. Бирок директор жооп берүүдөн баш тарткан.

Маалыматка караганда, Рудник ушунчалык шашкандыктан гардеробго чечкен пальтосун дагы албай кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0