Көрбөй калдым дебеңиз! Быйылкы жылдагы эң чоң Айдын видеосу

Жазылуу
20-февралга караган түнү быйылкы жылдагы Айдын башкы толушу болду. Бул жылы жердин спутниги планетага кичирээк аралыкка жакындаган.

Айды көрбөй калдым дегендер үчүн YouTube хостингине видео жарыяланган.

Мындай көрүнүш — толгон Айдын жерге 362 миң чакырым аралыкка жакындашын билдирет. Перигей менен толгон айдын ортосундагы айырмачылык үч саатка жетпейт.

Цветение тюльпанов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кээ бир аймактарда 21 градус болот. Мартка карата аба ырайынын божомолу
Кечээ кечинде Ай Жерге 356 761 чакырым жакындаганын Москва планетарийинен кабарлашты. Перигей менен толгон Айдын ортосундагы айырмачылык алты сааттан ашык убакытты түзөт. 19 февраль саат 15:07де (Бишкек убактысы боюнча) Ай перигейине жетип, саат 21:54тө толгон.

Айдын башкы толушу бул жылы 21-январга туш келди. Перигей менен апогейдин айырмасы 15 саатты түзсө, Ай 357 344 чакырымга жакындаган.

Кийинки айдын толушу 21-мартта күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0