Кыргыз жигит америкалык кишини бир чаап сулаттыбы? Көчө мушташынын видеосу

Жазылуу
Социалдык тармакка кыргызстандык делген жигиттин катышуусундагы мушташтын видеосу тарады.

Видеону Facebook социалдык тармагына Duman Zhumadilov аттуу адам жарыялады. Соцтармактын колдонуучулары жазып жаткан комментарийлерге караганда, окуя АКШдагы шаарлардын биринде болгон.

Кулак мужчины - Sputnik Кыргызстан
Чемпион болгон спортчу күзөтчү менен мушташып көз жумду. Россиядагы видео
Кадрда көрүнүп тургандай, азиат улутундагыларга түспөлдөш жигит эки америкалык менен мушташкан. Чет элдиктердин бири мас болушу мүмкүн. Кызыл кийинген киши роликтин каарманына кол салууга аракет жасаган. Бирок ал бир сокку менен эле аны нокаутка кетирип койгон. Кийин ал кызыл кийимчендин шериги менен мушташууга өткөн. Бирок видео ошол жерден токтоп калган.

Комментарий жазып жаткандардын кээ бирлери жаран кыргызстандык экенин жазышууда. Башкалар болсо ал казакстандык дешүүдө.

Видео кыргызстандык интернет колдонуучулары арасында кызуу талкууга алынып, тарап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0