Санкт-Петербург: университеттеги кырсык видеого тартылып калган

Жазылуу
Санкт-Петербургдагы университеттин шыбынын урап түшкөн учурунун видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Окуянын видеосун НТВ телеканалы чыгарган.

Анда шып бир аз урап түшүп, жарака кетип жаткандагы үндөрдү угууга болот. Бир нече секундадан кийин чоң бир бөлүгү урап түшүп жарыктын өчүп калганы видеого тартылып калган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбул шаарынын Картал районунда урап түшкөн үйдөн маркум болгондордун сөөгүн жерге берүү зыйнатында - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда ураган үй: бир бүлөдөн 9 киши каза таап, жаназасына Эрдоган катышты
Санкт-Петербургдагы Маалымат технологиялары, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинин бешинчи кабатынан экинчи кабатына чейинки бетон шыбы урап түшкөн.

Кырсык болгон учурда имаратта факультативдик сабактар өтүлүп жаткан. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Имараттан 81 киши коопсуз жайга чыгарылды.

Учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жаткан.

ӨКМдин маалыматы боюнча оңдоо иштери учурунда техникалык коопсуздук сакталбагандыктан имараттын шыбы урап түшүшү ыктымал.

Кырсык болгон жерде тийиштүү кызматтын өкүлдөрү иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0