Коррупция бар! Айдоочулук күбөлүк берген аткаминер агынан жарылганда. Видео

Жазылуу
Ар бир айдоочу рулга отуруудан мурун жол эрежелери боюнча окуп, экзаменден өтүүсү шарт. Бишкекте мындай сынакты 1 мүнөттө, жада калса 20 секундда эле тапшырып чыккандар бар. Ал эми Ошто экзаменден кулагандар өтө эле аз, келгендердин 91 пайызы ийгиликтүү тапшырат.

Бир жыл мурда Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактын шарты өзгөргөн. Туш-туштан көз салган веб-камералар, 25 мүнөттүк электрондук тест тапшыруу коррупциялык схемалардын жолун бууйт деген ишеним болгон.

Депутат Улан Примовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Депутат Примовдун жакындары 11 лицензияга ээлик кылабы? Чоо-жайы
Жол эрежелери боюнча экзамен тапшыруу бир топ эле татаал: 20 суроонун экөөнөн гана жаңылууга жол берилет. Ошентсе да кереметтүү түрдө сынактан болочок айдоочулардын 68 пайызы өтүп кетет. Салыштыруу үчүн айтсак, Россияда сынакка киргендердин 41 пайызы гана тапшыра алат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алты айдан берки 66 миң тесттин жыйынтыгын талдап чыгып, бир топ кызыктарды байкап, инфографика жасаган.

Буга жооп бере турчу Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук курам департаментинин директору кызматтан алынган, Бишкек бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматов кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын ушул тармакты тескеген орун басары Айнура Туйбаевадан таң калтырган статистикаларга жооп алдык.

Ошто дээрлик баары өтүп кетет

Ош шаарында экзамен тапшыргандардын 91 пайызы өтүп кетет. Алты айдын ичинде 4824 адам сынакты ийгиликтүү тапшырган. Балыкчыда дагы ушундай эле көрүнүш. Экзамен тапшыруу баарынан Кочкор айылында кыйын, келгендердин 95 пайызы кулап калат.

Ош шаардык каттоо-экзамен бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Абдыкадыров мындай статистиканы ийгилик катары сыпаттады.

"Бизде автомектептер аябай жакшы окутуп жатат. Келип көрсөңөр болот. Бир-эки жыл мурда мугалимдерге кылмыш иши козголуп камалып кеткендер болгон. Азыр жакшы шарттар түзүлгөн, автодромдор бар. Бизде шек жараткан нерсе жок, жардам берүүгө мүмкүн эмес. Себеби баарын онлайн режимде карап турушат", — деди Абдыкадыров.

Деген менен Айнура Туйбаева кызматкерлер системаны алдап кетүү жолдорун таап алышканын жашырган жок.

Экзаменден чагылгандай тез өткөн кишилер Бишкекте

Айдоочулук күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт
Тесттен өтүү үчүн кыргызстандык жаранга орточо он мүнөт он эки секунд убакыт талап кылынат. Бирок Бишкекте ар бир алтынчы киши экзаменди үч мүнөткө жеткирбей тапшырып коёт. Өткөн жылдын июль айында борбор калаанын бир тургуну 20 секунддун ичинде 20 суроого тең жооп берүүгө үлгүргөн. Кыскасын айтканда, Бишкекте укмуштай тездик менен сынак тапшырып кеткендер арбын. Бөлөк аймактарда мындай көрүнүш байкалбайт.

Көрсө, мындай статистика жетекчилерди да таң калтырат экен.

"Үч мүнөттө кээ бирлери тапшыра алат экен, бирок мен анча убакытта 20 суроону түшүнүп бүтө албайм. Кызматкерлер өзү берки жакта отуруп курсанттын ордуна жооп берген учур болгон. Биз ошон үчүн IT адистери менен буга бөгөт коё турган иштерди жасап жатабыз", — деди Туйбаева.

Дагы бир кызыктуу статистика

Былтыр ноябрь айынын башында бүт республика боюнча сынактан өткөндөрдүн саны кескин кыскарган. Дал ушул учурда Бишкекте каттоо-экзамен бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматов жемкордукка шектелип УКМК тарабынан кармалган.

МККнын төраймынын орун басары муну дал келүү катары сыпаттап, тутумду жаңылоо иштеринен улам ушундай көрүнүш болгонун белгиледи.

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 19 лицензия алган. Алтын кендерин басып жаткан Жумаевдин таржымакалы
"Ноябрда жаңы версия киргизилип, кызматкерлер иштете албай калышкан. Ошол учурда Алмаматовду кармоо иштери жүрүптүр. Бүт баары бир эле залда болуп жатса, коркуп "ооруп калдым" деп жумушка чыкпай койгон кызматкерлер да болду. Анан да кээ бир автомектептер жаңы система башталганда курсанттарын жибербей коюшту", — деди Туйбаева.

Соңунда ал жогорудагы статистика коррупциялык иштерди айкындаганын моюндады. Ошол эле учурда бир ишке "көз жуумп коюңуз" дегендер болгонун жашырган жок. Андайда сунушту дароо четке кага турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ар 13 саат сайын бир адам жол кырсыгынан каза табат. Суткасына 17 жол кырсыгы катталууда. Ар бир үчүнчү кырсык Бишкекте, башкача айтканда, жол эрежелери боюнча сынакты чагылгандай тез тапшыргандардын шаарында болот.

Өкмөт МККга караштуу Унаа каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо департаменти жана Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп салды. Анын ордуна Унаа мамлекеттик мекемеси түзүлөт. Ага иштей турган кызматкерлер конкурстук негизде тандалат. Мекеме эки айдын ичинде ишке кирери айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0